АДАМДЫН МҮНӨЗҮН СҮРӨТТӨГӨН ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕРДИН КЫРГЫЗ ЖАНА АНГЛИС ТИЛДЕРИНДЕГИ САЛЫШТЫРМА ЖАНА МАДАНИЙ АНАЛИЗИ
收藏资源简介:
Фразеологиялык бирдиктер улуттук маданияттын жана инсандык мүнөздүн маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Бул изилдөө кыргыз жана англис тилдериндеги адам мүнөзүн сүрөттөгөн фразеологиялык бирдиктердин салыштырмалуу жана маданий анализине арналган. Өзгөчө зооним камтыган фразеологизмдерге көңүл бурулуп, ар кандай жаныбарлар ар түрдүү маданияттарда кандай мүнөз сапаттарын символдоштурарын көрсөтөт. Изилдөөнүн жыйынтыгында эки тилдеги окшош жана айырмалуу жактар аныкталды. Тарыхый, экологиялык жана социалдык факторлор фразеологиялык бирдиктердин түзүлүшүнө жана колдонулушуна кандай таасир этери көрсөтүлдү. Изилдөөнүн жыйынтыктары тил илими, лингвомаданият таануу жана котормо тармагындагы адистер үчүн пайдалуу болуп, фразеологиянын маданий аспектилерин мындан ары изилдөөгө өбөлгө түзөт.



