遇见数据集

THE MEANING OF CONSTRUCTION TERMS IN K. K. YUDAKHIN'S DICTIONARY

收藏
NIAID Data Ecosystem2026-05-02 收录
数据链接:
官方服务:

资源简介:

Бүгүнкү жашоону архитектуралык курулушсуз элестетүү мүмкүн эмес. XXI кылым Кыргызстан үчүн курулуш кылымы болду десек да болот. Өлкө боюнча инфраструктура күч алып, ага байланышкан сөздөр да эл арасында абдан кенен колдонулуп жатат. Бул макалада атактуу лексикограф К.К.Юдахиндин сөздүгүнө киргизилген курулуш терминдерине талдоо жүргүзүп, маанилерин чечмеледик. Чейрек кылым ашык убакыт мурда сөздүккө киргизилген курулуш терминдеринин маанилерин карап, бүгүнкү маанилери менен салыштырдык. Бир топ убакыттын өткөнүнө карабастан, курулуш терминдеринин берген мааниси туруктуу сакталганын байкадык. Тилчилер Т.Назаралиевдин “Киргизские народные строительные термины”, М.Сабыркуловдун “Русско-киргизский словарь архитектурно-строительных терминов” аталышындагы эмгектериндеги курулуш терминдерине жүргүзгөн талдоолорунан мисалдар келтирдик. Мындан сырткары, курулуш терминдерди изилдөөдө ар кайсы тармактар боюнча түзүлгөн терминологиялык сөздүктөрдүн курулуш терминдери боюнча эмгектердин чоң мааниге ээ экендиги көрсөтүлдү.

创建时间:
2025-03-14
二维码
社区交流群
二维码
科研交流群
商业服务